Кыргызстанда 24-ү банк пайда болду
7 февраль

Кыргызстанда 24-ү банк пайда болду

Кыргызстандын Улуттук банкы 2026-жылдын 4-февралында КР УБ башкармалыгы «Асман Банк» Жабык акционердик коомуна улуттук жана (же) чет өлкө валютасында операцияларды жүргүзүүгө лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди.

Лицензия алуу процесси так бир жылга созулган: КР УБ «Асман Банк» ЖАКтан документтерди 2025-жылдын февраль айында кабыл алган. Банк өзү Адилет министрлиги тарабынан 2024-жылдын 4-июнунда каттоодон өтүп, кийин 2025-жылдын 4-мартында кайра катталган.

«Асман Банк» – чет өлкөлүк катышуусу бар уюм, ошондой эле КРдин Мамлекеттик салык кызматында жана Соцфондунда катталган. Банктын директору болуп Эркеайым Биялиева дайындалды. Буга чейин бул кызматты «Керемет Банк» ААКнын жана «Банк Компаньон» ЖАКнын башкармалыгын жетектеген Эркин Жумабаев аркалап келген.

Эске салсак, жакында эле лицензияларды «Берекет Банк» ЖАК жана «Алма Финанс Банк» ЖАК алып, Кыргызстандагы 22-чи жана 23-чү банктар болуп калышкан. Эми «Асман Банк» өлкөнүн банк рыногундагы расмий 24-катышуучу болду.