Чүй облусунун «Ак-Суу асыл тукум чарбасы» ЖЧКсынын заманбап тоок фабрикасы ишке киргизилди
15 сентябрь

Чүй облусунун «Ак-Суу асыл тукум чарбасы» ЖЧКсынын заманбап тоок фабрикасы ишке киргизилди

Жаңы ишкананын ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда өлкө боюнча жаңы өнөр жай объектилерин ишке киргизүүгө арналган иш-чаранын алкагында өттү.

Иш-чарага Москва районунун акими, Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору, жергиликтүү бийлик органдарынын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Долбоорду ишке ашырууга 450 млн сом инвестиция тартылып, ишканада 145 жаңы жумуш орду түзүлдү. Заманбап өндүрүш ишканасынын ишке кириши аймактагы айыл чарба жана өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө, жумуш орундарын көбөйтүүгө жана жергиликтүү экономиканын өсүшүнө шарт түзөт.

Мындан тышкары, мындай долбоорлордун ишке ашырылышы ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө, агроөнөр жай комплексинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана ички рынокту жергиликтүү продукция менен камсыздоого өбөлгө берет.

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну колдойт.