Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз фондулук биржасында облигация чыгарууну карап жатат
Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз фондулук биржасында облигация чыгаруу жана листингден өтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) 14-сентябрда банктын делегациясы менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы боюнча маалымдалды.
АӨБ делегациясын банктын Казыналык департаментинин өкүлү Лэй Ван жетектеди.
КФБнын башкы директору Аида Чодулова «Баалуу кагаздар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин эл аралык өнүктүрүү банктарына Кыргызстандын улуттук фондулук рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи.
Анын айтымында, листингден өтүү жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлүп, эл аралык каржы уюмдарынын баалуу кагаздарын жайгаштырууга шарт түзүлдү.
Лэй Ван белгилегендей, АӨБ буга чейин Казакстан, Грузия, Кытай жана башка өлкөлөрдүн фондулук рынокторунда облигацияларды жайгаштырган. Мыйзамдарды өркүндөтүүдөн кийин Кыргызстандын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болуп, банк учурда даярдык иштерин жүргүзүп жатат.
АӨБ өкүлү банктын каржылоосунун 96%ы эгемендүү кредиттерге, ал эми 4%ы жеке секторго туура келерин маалымдады.
Жергиликтүү рынокто облигация чыгаруу АӨБгө каржылоо булактарын диверсификациялоого жана Кыргызстандагы жана аймактагы ишмердигин кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
КФБда белгиленгендей, биржа буга чейин жашыл, гендердик жана ESG облигацияларын жайгаштыруу боюнча тажрыйбага ээ. Ошол эле учурда Кыргызстандагы корпоративдик облигациялардын негизги инвесторлору жеке жактар бойдон калууда.
Биржанын баамында, АӨБнүн Кыргызстандын рыногуна чыгышы экинчи рыноктун ликвиддүүлүгүн жогорулатып, жергиликтүү эмитенттер үчүн кирешелүүлүктүн ориентирин түзүп, инвесторлордун ишенимин арттырууга өбөлгө болот.
