Өткөн жылы фитосанитардык талаптарды бузуу боюнча 35 факт катталган
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан 2025-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 35 фитосанитардык талаптарды бузуу фактылары катталган.
Жалпысынан алганда 562,5 тонна, анын ичинен 70515 даана (көчөттөр), 11387 даана (гүлдөр), 136 м3 пиломатериалдар түзгөн.
Анын ичинен:
- Казакстандан келген – 15 факты, 271,88 т;
- Россиядан келген – 5 факты, 117 т, 136 м3;
- Өзбекстандан келген – 7 факты, 80,82 т, 70 515 даана;
- Кытайдан келген – 4 факты, 51,28 т, 8 050 даана гүлдөр;
- Тажикстан – 1 факты, 3,5 т;
- АКШ – 1 факты, 18 т;
- Монголия – 1 факты, 20 т;
- Нидерланды – 1 факты, 3337 даана гүлдөр.
Фитосанитардык талаптарды бузган товарларга карата кайтаруу, жок кылуу же зыянсыздандыруу сыяктуу фитосанитардык чаралар көрүлгөн.
Ошондой эле, Кытай жана Нидерланды мамлекетине дипломатиялык каналдар аркылуу нота жиберилген.
