12 млн сомдук мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду
5 апрель

12 млн сомдук мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө өлкөнүн аймагына ири көлөмдө мыйзамсыз түрдө дары-дармектерди жана эл керектөөчү ар кандай товарларды алып кирүү аракетин токтотушту.

Жүк ташуучу автоунааны текшерүү учурунда тиешелүү коштомо документтери жок медициналык препараттар жана буюмдар, ошондой эле ар кандай азык-түлүк товарлары аныкталды.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы 12 млн сомдон ашат.

Учурда аталган факт боюнча материалдар эсепке алынбаган товарларды конфискациялоо маселесин кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлдү.