Кыргызстан жыл башынан бери 23 миң тоннага жакын өрүк экспорттоду
Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Кыргызстандан 23 миң тоннага жакын өрүк экспорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз өрүктөрү негизинен Россияга (17 050 тонна), Казакстанга (5476 тонна) жана Беларуска (105,1 тонна) экспорттолду.
Республика боюнча 12,7 миң гектар аянттагы өрүк бактары мөмө берүү курагында, алардын көбү Баткен жана Ысык-Көл облустарына туура келет.
Өрүк антиоксиданттарга бай жана курамында мээнин ден соолугун колдоого жана когнитивдик бузулууларды алдын алууга жардам берүүчү А, С жана Е витаминдери бар.
Мындан тышкары, өрүктүн курамындагы калий менен магний булчуңдардын, анын ичинде беттин жана үн байламталарынын эс алуусуна өбөлгө түзөт.
Кыргызстандык өрүктөр өзгөчө даамы жана жыпар жыты менен айырмаланат. Климаттык, рельефтик жана топурак өзгөчөлүктөрү өрүккө бай даам жана ширелүү. Кыргызстандагы өрүктөр химиялык жер семирткичтер жана пестициддер колдонулбаган экологиялык таза органикалык шартта өстүрүлөт, бул да анын сапатына жана даамына таасирин тийгизет.
Ысык-Көл облусунда негизинен өстүрүлгөн өрүк сорттору: Шалах (Королдук), Султан, Лимонка.
Баткен облусунда өстүрүлгөн өрүк сорттору: Приция, Магадор, Микадо.
