Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда
19 март

Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрү жүргүзгөн Кыргызстандын жарандары Кыргызстанга келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда.

Жалпысынан бүгүнкү күндө Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү алуу үчүн кайрылгандардын саны 113 адамды түзөт, алардан 96 адам каралып, бир жолку төлөм төлөндү, 17 адам чечимди күтүүдө.

Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3642 АКШ долларын түздү.