Кыргызстандын алтын-валюта запасы $9 млрд ашты
28 апрель

Кыргызстандын алтын-валюта запасы $9 млрд ашты

Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык алтын-валюта резерви 9 млрд АКШ долларынан ашты. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан 22-апрелге чейин резервдер 404,4 млн долларга, же 4,7%га көбөйдү.

«Резервдердин өсүшү финансы системасынын туруктуулугун жана экономиканын жетиштүү туруктуулук запасын тастыктайт», – деди ал.

Улуттук банкта белгилешкендей, резервдер макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана тышкы экономикалык факторлордун таасирин эске алуу менен инфляциялык басымды басаңдатуу үчүн инструмент катары колдонулат.