Кыргызстанга БРИКС аялдардын бизнес альянсынын россиялык делегациясы келди
19 март

Кыргызстанга БРИКС аялдардын бизнес альянсынын россиялык делегациясы келди

Кыргызстанга БРИКС аялдардын бизнес альянсынын орусиялык делегациясы келди. Бул тууралуу  КР Соода-өнөр жай палатасы кабарлайт. 

КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев БРИКС ассоциациясынын россиялык бөлүгүнүн төрайымы Анна Нестерова менен жолугушту.

Тараптар БРИКСтин күн тартибине ишкер аялдарды тартуу, аялдардын ишкердиги үчүн тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүү, тажрыйба алмашуу, эл аралык бизнес коомчулук менен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Бүгүн БРИКС аймактык кеңсесинде “Кыргызстандагы аялдардын ишкердиги + БРИКС өлкөлөрүнүн аялдардын бизнес альянсы” деген темада тегерек стол болуп өттү.

Сапардын негизги максаты - Кыргызстандагы ишкер аялдар менен бизнес байланышты чыңдоо.

Белгилей кетсек, БРИКСтин аялдар бизнес альянсы 2020-жылы БРИКСтин мамлекет башчыларынын XII Саммитинин чечими менен түзүлгөн жана БРИКС өлкөлөрүндө кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкер аялдардын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө механизми катары кызмат кылат.