Өзгөн районунда инкубациялык заманбап цех курулууда 
19 март

Өзгөн районунда инкубациялык заманбап цех курулууда 

Ош облусунун Өзгөн районундагы «Өзгөн балык чарбасынын» базасында карп балык түрлөрүнүн жумурткаларын инкубациялоочу заманбап цехинин курулушу уланууда.

Ишкана, өлкөнүн түштүгүндөгү суу биологиялык ресурстарын көбөйтүүгө жана сактоого, коопсуздукту жана азык-түлүккө көз карандысыздыкты камсыз кылууга салым кошот. Ошону менен катар, келечекте балык чабактарын өндүрүүнү көбөйтүү максатында курулган, бул балык өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Балык чабактары нинкубациялоонун заманбап технологиялары жогорку сапаттагы балык чабактарын өндүрүүнүн көлөмүн кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Бул Кыргызстандын түштүгүндө гана эмес, башка аймактарында да балыкка болгон суроо-талапты канааттандыра ала турган туруктуу жана жогорку өндүрүмдүү балык чарбаларынтүзүүгө өбөлгө түзөт.