Кыргызстан менен Того Республикасынын инвестициялык кызматташуусу: басым тоо-кен тармагына жасалышы мүмкүн
28 апрель

Кыргызстан менен Того Республикасынын инвестициялык кызматташуусу: басым тоо-кен тармагына жасалышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети КР Министрлер Кабинети менен Того Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы инвестициялык кызматташтык тууралуу макулдашуусун карады. 

Анда маалым болгондой, макулдашууда “инвесторлордун мүлкүн мажбурлап ажыратуудан коргоо жана компенсация берүү” деген норма бар. Бул Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин жетекчисинин орун басары Мээримбек Койчумановдун айтымында, бардык макулдашууларда кездешүүчү жобо. 

Депутат Айбек Алтынбеков Того Республикасынан инвесторлор келечекте Кыргызстандын кайсы тармагына инвестиция салышаарын сурады эле, Койчуманов бул тууралуу маалымат анда жок экенин айтты. 

“Бизге макулдашуу тууралуу тапшырма Министрлер Кабинетинин түштү. Макулдашуу түзгүлө дешти эле, биз стандарттуу түрдө түздүк. Ошондуктан так маалымат бере албайм, бирок тоо-кен тарапта иштешери айтылды, негизинен алмаз жана алтын казуу жаатында”, – деди жетекчинин орун басары.