Кыргызстан 80ден ашуун өлкөгө айыл чарба продукцияларын экспорттоодо
Кыргызстан айыл чарба продукцияларын 60дан ашуун продукция 80ден ашык өлкөгө экспорттолот. Республиканын экспортунун жалпы көлөмүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспортунун үлүшү 2025-жылдын январь–декабрь айларында 13,3% түздү, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде бул үлүш 8,8% болгон.
ЕАЭБ: Экспорт – 17,1 млрд сом (51%) Россия Федерациясы: Экспорт – 7,8 млрд сом (эт-сүт продукциялары, жашылчалар, мөмө-жемиштер, жемиштер).
Казакстан Республикасы: Экспорт – 7,8 млрд сом (жашылчалар, мөмө-жемиштер, жемиштер, тоок эти, сүт азыктары.
Беларусь Республикасы: Экспорт – 1,5 млрд сом (эт-сүт продукциялары, тоют, макарон азыктары).
Армения Республикасы : Экспорт – 13 млн сом (жашылчалар, жаңгактар, эт продукциялары).
Бул көрсөткүчтөр республикада айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспорту туруктуу өсүп жатканын көрсөтөт. Өзгөчө ЕАЭБ өлкөлөрү негизги соода өнөктөштөр болуп саналат.
