Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвестиция өсүп жатканын айтса, Улуттук статком төмөндөп жатканын билдирүүдө 
28 апрель

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвестиция өсүп жатканын айтса, Улуттук статком төмөндөп жатканын билдирүүдө 

Депутат Жылдыз Садырбаева Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин ишин сынга алды. Ал Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына таянуу менен, өлкөгө инвестиция тартуу төмөндөп кеткенин билдирди. 

“Акыркы 5 жылда инвестиция өспөптүр, 1 миллиард – 1,5 миллиарддын тегерегинде калууда. Эмнеге өспөй жатат?” – деп сурады депутат аталган агенттиктин жетекчисинин орун басары Мээримбек Койчумановго кайрылып. 

“Биз бул маселе боюнча Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү менен сүйлөштүк. Алар Германия менен болгон инвестиция төмөндөп жатат деп билдиришкен. Расмий маалыматтар боюнча, башка өлкөлөр менен инвестициялык кызматташтык 2020-жылы болжол менен 537 АКШ долларын түзгөн, 2022-жылы 1 миллиард доллар. 2023-жылы 1 миллиард 200 миллион доллардан ашкан. 2025-жылдын тогуз айында 885 миллион долларды түзгөн. 2025-жылдын тогуз айынын маалыматы сентябрда чыгат. Ал эми бул жылдагы биринчи кварталда инвестиция 25,5 пайызга өстү. Улуттук статистика комитетинин эсептөөсү башкача болуп чыкты. Мисалы, 2024-жылы дээрлик 7 миллион долларга инвестициялык келишим түзүлсө, аталган комитет бажы төлөмдөрү, салык сыяктуу преференцияларды эсепке албайт экен. Биз азыр аны толуктап жатабыз”, – деди Койчуманов. 

Депутат Садырбаева бажы төлөмдөрү 10 пайызга, ал эми КНС 12 пайызга гана жетээрин, бул жалпы картинаны өзгөртүп жиберүүгө күчү жетпеген көрсөткүч экенин белгиледи. 

“Мындан эч нерсе өзгөрбөйт. Эмнеге инвестиция өспөй жатат? Инвестиция жок болсо, мамлекет өнүкпөйт. Бажы чогултуулар, салык абдан аз сумма. Ал жалпы инвестициялык картинаны эч кандай өзгөртпөйт. Орто Азияга келген инвестициялардын 95 пайызы Казакстан менен Өзбекстанга кетет экен. Алардын тажрыйбасын карап көрүңүздөр. Инвестиция боюнча улуттук агенттик жакшы иштебей жатат”, – деди депутат. 

Мээримбек Койчуманов статистикада негизинен түз инвестиция айтылаарын, ал эми кыйыр инвестиция  көбөйүп жатканын, мисалы, Кара-Балта мунайды кайра иштетүү заводуна 200 миллион доллар инвестиция салынганын билдирди.