Кыргызстандын Того Республикасы менен болчу кызматташтыгы: кыргыз ишкерлерине кандай утуш?
Кыргызстандын Министрлер Кабинети Африканын Того Республикасынын өкмөтү менен инвестициялык кызматташуу боюнча макулдашуу түздү. Анын долбоору бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралды.
Депутат Адилет Белеков бул макулдашуу кыргыз ишкерлери үчүн кандай жаңы багыттарды ачаарына кызыкты.
КР Инвестиция боюнча улуттук агенттигинин жетекчисинин орун басары Мээримбек Койчумановдун айтымында, Кыргызстан Того Республикасы менен бир гана импорт эмес, экспорт жаатында кызматташууну көздөөдө.
“Учурда Экономика министрлиги менен чогуу иштеп жатабыз. Того Республикасы портко чыгат. Андан сырткары реэкспорт кылып Африканын башка өлкөлөрүнө көптөгөн товарларды жеткирет. Мисалы, мунай продукциялары, ГСМ ж.б. Айыл чарба тармагы дагы аябай жакшы деңгээлде өнүккөн. Биз аталган мамлекет менен эки тараптуу: импорт жана экспорт аркылуу иштешебиз”, – деди ал.
Депутат Белеков өлкөнүн портко чыгуу жолу бардыгы жакшы жагдай экенин белгилеп, мында кыргыз ишкерлери Того аркылуу башка өлкөлөргө өз товарларын экспорттой алаарын кошумчалады.
