Жапаров: Жетим-Тоону дараметибиз жетсе өзүбүз, жетпесе инвестор менен чогуу иштетебиз
25 июнь

Жапаров: Жетим-Тоону дараметибиз жетсе өзүбүз, жетпесе инвестор менен чогуу иштетебиз

Жетим-Тоо кенин мамлекет толук кандуу өзү иштетет же инвесторлор менен биргеликте ишке ашырат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. 

Баш-Кайыңды айылынын тургуну Бейшен Момуналиев Кыргызстанда курулуш тармагы өнүгүп жатканын жана ага керектүү темирлерди Россиядан алдырып, миллиарддаган каражат кетип жатканын эске салды. Ал Жетим-Тоо кенинде 10 миллиард тонна кен жатканын жана аны мамлекет иштетиши керектигин айтты. 

“Азыр биз Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштетели деп изилдеп жатабыз. Бирок ага чоң каражат кетет, чийки затты сыртка чыгарбаш үчүн, өзүбүз иштетүүгө завол курушубуз керек. Ага 7-8 миллиард долларга жакын каражат керектелет. Бирок өзүн актайт, 5-10 жылда актап калат. Азыр каражат издеп жатабыз. Дараметибиз жетсе өзүбүз иштетебиз, жетпесе 60-40 дейбизби же 60-70 дейбизби, ошончо үлүш менен инвестор табабыз”, – деди президент.