Кыргызстандык өндүрүүчүлөр Ташкентте продукциясын көрсөтүп жатышат
Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 10-апрелде кыргыз продукциясынын көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция миинистрлигинен кабарлашты.
Өлкөнүн тажрыйбалуу компаниялары — «Белая Река», «Экопродукт Азия» («Organic» бренди), «Медовая Артель», «Абдыш-Ата», «Алайку Органикс», «Дар Земли», «Акун» жана ИП «Бакаев» — жаңы ачылган FOOD CITY базарында өз товарларын көрсөтүштү.
Көргөзмө Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан Куйлюктагы жаңы базардын колдоосу менен уюштурулуп, ата мекендик продукцияны жайылтууга, өзбек импортчулары менен түз байланыштарды орнотууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.
Экспозиция 10-майга чейин ачык болот.
