Үч жылдын ичинде 8,2 миллиард сомго микрокредиттер берилген
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кризиске каршы иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жана кризистик кырдаалга жооп кайтарууда чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо» долбоору ишке киришкен. 2022-жылдын сентябрь айынан баштап ишкерлер пайысыз насыя ала башташкан.
Натыйжада, ишке кирген күндөн бүгүнкү күнгө чейин тагыраагы 2024-жылдын 1-ноябрына карата пайысыз насыялардын суммасы 8 млрд 20 млн 311 миң 016 сомду түздү.
Аны 10 миң 949 ишкер алган:
- 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9 миң 323 ишкерге 5 млрд 523 млн 53 миң 916 сом берилген.
- 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 миң 626 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд 497 млн 257 миң 100 сомду түзгөн.
Долбоор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.
Маалымдама:
Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон критерийлер:
- 1-Категория – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иштеген, жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер.
- 2-Категория – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иш жүргүзгөн, жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар.
Айыл чарбасы каржыланбайт.
Валютасы: КР сом.
Пайызы: 0% (пайызсыз).
Финансылык жардамды пайдалануу мөөнөтү: 36 айга чейин.
Жеңилдетилген мезгилди берүү мүмкүнчүлүгү: 3 айга чейин.
Каржылык жардамдын суммасы:
- 1-категория үчүн – 1 000 000 сомго чейин,
- 2-категория үчүн - 3 000 000 сомго чейин.
Керектүү документтердин тизмеси өнөктөш банктар менен такталышы мүмкүн.
