Курулуш министрлиги Катар кайрымдуулук уюму менен меморандумга кол койду
6 июль

Курулуш министрлиги Катар кайрымдуулук уюму менен меморандумга кол койду

Бүгүн, 6-июлда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев Кыргызстандагы Катар кайрымдуулук уюмунун филиалынын директору Абдельгадир Алимам Альбашеир Мохамед баштаган делегация менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык инфраструктура тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана аймактарда социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле Нарын облусунун Ак-Талаа районунда пландалып жаткан демилгелер боюнча конкреттүү сунуштар талкууланды. Жыйынтыгында тараптар аталган багыттар боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Бул меморандум эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзүп, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга негиз болот.