Тармактык комитетте «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды
Бүгүн, 8-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору Жарандык кодексте ислам банк иши жана финасылоо принциптерине байланыштуу ченемдерди оптималдаштыруу максатында иштелип чыкты.
Алсак, мыйзам долбоору төмөнкүлөрдү карайт: эл аралык практика жана Шариат тарабынан таанылган исламдык каржылоонун жаңы формаларын киргизүүдө жөнгө салуучу органдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү; мурабаха бүтүмдөрүндө менчик укугун кардарга түздөн-түз жол-жоболоштурууга уруксат берүү; азайып бараткан мушараканын аныктамасын мүлктү биргелешип сатып алуунун формасы катары кеңейтүү; мыйзам алдындагы актылар аркылуу исламдык финансылык инструменттердин тизмесин толуктоо мүмкүнчүлүгүн берүү.
Андан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үч окууда колдоого ээ болду.
Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
– виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты, жөнгө салууну, лицензиялоону иштеп чыгуу жана ишке ашыруу бөлүгүндө ыйгарым укуктарды КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан КРнын Президенти тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүү жолу менен виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
– КРнын виртуалдык активдер жөнүндө мыйзамдарынын чегинде реалдуу активдер менен камсыз кылынган стейблкоиндерди, токендерди (Real World Asset Tokens, RWA-токендер) чыгаруу жана жүгүртүү үчүн укуктук шарттарды түзүү;
– санариптик экономикада активдүү катышуучу жана технологиялык инновациялардын драйвери катары мамлекеттин ролун күчөтүүгө өлкөнүн стратегиялык багытын чагылдырган «мамлекеттик майнинг» жана «мамлекеттик криптовалюта резерви» түшүнүктөрүн киргизүү жана башка өзгөртүүлөр сунушталууда.
