КР Соода-өнөр жай палатасы жана Чанша соода палатасы кызматташат
10 декабрь

КР Соода-өнөр жай палатасы жана Чанша соода палатасы кызматташат

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайдын Санья шаарындагы Чанша соода палатасына барды. Бул тууралуу уюмдан кабарлашты.

Сапардын жүрүшүндө Чанша соода палатасынын төрагасы Тан Кай менен расмий жолугушуу өткөрүп, андан кийин тараптар кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Бул документ ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, ишкерлерди колдоо жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы жана Чанша соода палатасы делегация алмашууну активдештирүү, бизнес коомчулуктарынын ортосундагы координацияны күчөтүү жана инвестициялык демилгелерди илгерилетүү боюнча макулдашышты.