МСК: Кыйыр салыктар боюнча отчетту толтурууга жардамчы ишке киргизилди
11 апрель

МСК: Кыйыр салыктар боюнча отчетту толтурууга жардамчы ишке киргизилди

Мамлекеттик салык кызматы кыйыр салыктар боюнча FORM STI-123_5 отчётун тапшыруу үчүн жаңы функционал ишке киргизди.

Салык кызматынан кабарлашкандай, эми салыктөлөөчүлөр FORM STI-123_5 кыйыр салыктар боюнча отчет формасын толтурууда атайын жардамчыны пайдалана алышат. Бул жардамчы отчетту даярдоо жана тапшыруу процесстерин жеңилдетет.

Жардамчы аркылуу отчетту түзүү үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

  • Жеке кабинетке кирүү cabinet.salyk.kg баракчасында башкы беттин төмөн жагында жайгашкан “Жардамчылар” бөлүмүнө өтүңүз;
  • FORM STI-123_5 кыйыр салыктар боюнча отчет формасын толтуруучу жардамчыны тандаңыз;
  • Отчеттун электрондук формасын толтуруңуз;
  • Excel форматындагы отчеттун файлын түзүп, сактап алыңыз;
  • Жекекабинетиңиздеги кыйыр салыктар боюнча отчетторду берүү сервисине өтүңүз.

Даярдалган файлды жүктөп, салык органына жөнөтүңүз.

Бул функционал салык төлөөчүлөр үчүн салык отчеттун түзүү жана тапшыруу процессин жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан.

*Кыйыр салыктар — бул товардын же кызмат көрсөтүүнүн баасына кошулган кошумча үстөк.