Улуттук банк комбанктардын минималдуу капиталын 5-8 млрд сомго чейин көбөйтүүнү көздөп жатат
Кыргызстандын Улуттук банкы (КР УБ) коомдук талкууга «Коммерциялык банктардын уставдык жана менчик (нормативдик) капиталынын минималдуу көлөмү тууралуу» жобонун долбоорун сунуштады.
Документ регулятордун расмий сайтында жана нормативдик актыларды коомдук талкуулай турган Бирдиктүү порталда жарыяланды.
Долбоор банк системасынын каржылык туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Ал учурда иштеп жаткан 22 коммерциялык банктын, лицензия алууга даярданып жаткан төрт банктын жана Кыргызстанда жаңы банк ачууга кызыкдар инвесторлордун ишмердигин камтыйт.
Документте минималдуу уставдык жана менчик капиталдын төмөнкү өлчөмдөрү сунушталууда:
- жаңы түзүлө турган банктар үчүн – 5 млрд сом;
- системалык мааниге ээ болгон банктар үчүн – 2026-жылдын 1-июлунан тарта 8 млрд сом.
Иштеп жаткан банктар өз капиталын 5 млрд сомго чейин төмөнкү график менен көбөйтүшү керек:
- 1-июль 2026-жыл – 1 млрд сом;
- 1-июль 2027-жыл – 2 млрд сом;
- 1-июль 2028-жыл – 3 млрд сом;
- 1-июль 2029-жыл – 4 млрд сом;
- 1-июль 2030-жыл – 5 млрд сом.
Регулятор белгилегендей, капиталдын көбөйүшү банктарга тобокелдиктерге кыйла туруктуу турушууга, насыя берүү көлөмүн кеңейтүүгө, жаңы инвесторлорду тартууга жана кардарлардын ишенимин жогорулатууга жардам берет. Мындан тышкары, документте банктын контролдук акция пакетин сатып ала турган адамдарга кошумча талаптар киргизилүүдө.
Салыштырмалуу, ЕАЭБ өлкөлөрүндө банктардын минималдуу капиталы кыйла жогору: Арменияда – 11,5 млрд сомго чейин, Россияда – 1,1 млрд сомго чейин, Беларусда – 2 млрд сом, Казакстанда – 1,7 млрд сом.
КР УБнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жобону кабыл алуу социалдык, укуктук же экологиялык чөйрөгө терс таасир тийгизбейт. Бирок коммерциялык банктар үчүн кошумча каржылык милдеттенмелерди жана мамлекеттин алардын капиталындагы катышуусуна байланышкан жагдайларды түзүшү мүмкүн.
Долбоор боюнча коомдук талкуу регулятордун расмий порталдарында 2026-жылдын январь айынын аягына чейин уланат.
