Кыргыз-Венгер фонду Кыргызстандагы айыл чарба долбоорлоруна инвестиция салууга даяр.
10 декабрь

Кыргыз-Венгер фонду Кыргызстандагы айыл чарба долбоорлоруна инвестиция салууга даяр.

Бишкекте Кыргыз-Венгер Өнүктүрүү фондунун жетекчилиги менен иш жолугушуу өтүп, анда агроөнөржай комплексиндеги долбоорлорду колдоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Айрыкча шампиньон өстүрүү боюнча демилге жана ассоциация мүчөлөрүнүн башка долбоор сунуштары каралды.

Фонд келечектүү агродолбоорлорду каржылоо үчүн 10 миллион доллардан ашык эркин каражат бар экенин билдирди. Өзгөчө көңүл айыл чарбасынын артыкчылыктуу багыттарына бурулууда.

Каржылоо жеңилдетилген шарттарда сунушталат: пайыздык чен – жылына 1,5%дан 7,25%га чейин, мөөнөтү – 10 жылга чейин, валюта – АКШ доллары, өз салымы – 15%дан (же долбоордук каржылоо болсо 30%). Милдеттүү шарт – венгер компонентинин (жабдуу, технология же кызмат) 30%дан кем эмес үлүштө болушу.

Фонд ээсинин структурасы ачык, каржылык абалы туруктуу жана Кыргызстан үчүн олуттуу экономикалык таасир алып келе турган долбоорлорду карайт.