Бир кыргызстандыктын кирешеси айына 18 кг уй этин сатып алууга жетет
2025-жылы Кыргызстандын бир тургунунун орточо айлык акчалай кирешеси шарттуу түрдө 18,1 килограмм уй этин сатып алууга жеткен.
Кирешелердин сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча мындай эсептөөлөр Улуттук статистика комитетинин «Кыргызстан цифраларда 2026» жыйнагында келтирилген.
Бир жыл мурда орточо жан башына эсептелген кирешеге 20,8 килограмм уй этин сатып алууга мүмкүн болгон.
Бир катар башка азык-түлүктөр боюнча да сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөгөн.
Тактап айтканда, орточо айлык кирешеге сатып алууга мүмкүн болгон картошканын көлөмү 2024-жылы 370,8 килограмм болсо, 2025-жылы 240 килограммга чейин азайган.
Жаныбарлардын майы боюнча көрсөткүч 18,7 килограммдан 15,8 килограммга, сүт боюнча 215,4 килограммдан 203,9 килограммга чейин төмөндөгөн.
Ошол эле учурда жумуртка боюнча сатып алуу жөндөмдүүлүгү 933 даанадан 980 даанага, ал эми кант боюнча 137,2 килограммдан 150 килограммга чейин өскөн.
