Кыргызстанга кышка канча көмүр жана мазут керек?
20 октябрь

Кыргызстанга кышка канча көмүр жана мазут керек?

2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата республика боюнча 2647,129 миң тонна көмүр камдалышы керек, анын ичинен:

  • ​Бюджеттик мекемелер боюнча – 312,184 миң тонна, бүгүнкү күндө – 154,41 миң тонна камсыздалды;
  • Калк боюнча – 1 334,945 миң тонна, бүгүнкү күндө – 535,9 миң тонна камсыздалды;
  • Бишкек ЖЭБине – 1 000,0 миң тонна, бүгүнкү күндө – 192,0 миң тонна камсыздалды;

Республика боюнча 55,51 миң тонна жылытуучу мазут даярдоо пландаштырылууда, анын ичинде:

– Ош ш. ЖЭБ – 23,0 миң тонна жылытуучу мазут бүгүнкү күндө – 2,9 миң тонна камсыздалды;

– Бишкек ш. ЖЭБ – 8,0 миң тонна жылытуучу мазут, бүгүнкү күндө – 2,0 миң тонна камсыздалды;

-– Жаңы түзүлгөн муниципалдык ишканалар (“Кыргызжылуулукэнерго” МИнин объектилерине) – 24,351 миң тонна, бүгүнкү күндө – 2,79 миң тонна камсыздалды.

Республика боюнча 576 көмүр отун базалары ачылды.Анын ичинен 16сы “Кыргызкөмүр” МИге тиешелүү.