«Кепилдик фонд ААКсы тогуз жылдын ичинде 18,2 млрд сомдон ашык суммага кепилдик берген
13 март

«Кепилдик фонд ААКсы тогуз жылдын ичинде 18,2 млрд сомдон ашык суммага кепилдик берген

Өлкөнүн ишкерлерин колдоо боюнча ишмердүүлүгүн баштагандан бери «Кепилдик фонд» ААКсы берилген кепилдиктер боюнча каражаттардын кайтарымдуулугунун жогорку деңгээлин сактап келет.

Бул көрсөткүч «Кепилдик фонд» ААКсынын тогуз жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде 97,6%дан 100%га чейин өзгөрүп турган.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча кайтарымдуулук көрсөткүчү 98,22%ды түздү. Ал эми фонддун ишмердүүлүгүнүн бардык мезгили боюнча кепилдиктердин орточо кайтарымдуулук деңгээли 98,95%ды түзөт.

Бүгүнкү күнгө карата «Кепилдик фонд» ААКсы өлкөнүн ишкерлерине олуттуу колдоо көрсөттү. Ишмердүүлүк башталгандан бери фонд 21 миңден ашуун кепилдикти 18,2 млрд сомдон ашык суммага берди. Бул ишкерлерге өз бизнесин өнүктүрүү үчүн 56,2 млрд сомдон ашык кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк берди.