2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында саламаттык сактоонун консолидацияланган бюджетинин аткарылышы 30 млрд сомду түздү
Үстүбүздөгү жылдын биринчи алты айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын консолидацияланган бюджетинин иш жүзүндөгү аткарылышы 30 млрд 395,3 млн сомду, же бекитилген көлөмдүн 60,2 пайызын түздү.
Бул сумманын ичинен 24 млрд 507,8 млн сом республикалык бюджеттин каражаттарын, 3 млрд 251,7 млн сом милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн, 1 млрд 818,3 млн сом акы төлөнүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн жана кошумча төлөмдөрдөн түшкөн каражаттарды түздү. Эл аралык долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга 503,9 млн сом түштү.
Жылдын биринчи жарымында Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтарды каржылоого 21 млрд 433 млн сом багытталды. Анын ичинен стационардык жардамга 13 млрд 246,5 млн сом, биринчи медициналык-санитардык жардамга 6 млрд 929,6 млн сом, тез медициналык жардамга 1 млрд 216,9 млн сом багытталды.
Мындан тышкары, өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылууга 4,8 млрд сом багытталды.
