Соцфонд жыл башына бери 12 миңге жакын жаранга пенсия чектелди
7 март

Соцфонд жыл башына бери 12 миңге жакын жаранга пенсия чектелди

КРнын Социалдык фонду 2025-жылдын январь-февраль айларында 11 миң 614 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу фонддон билдиришти. 

Ошонун ичинде февраль айында 3 906 жаранга пенсия чектелди, 1 376 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди (эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде).