Манас районунда өстүрүлгөн болгар калемпири Россия жана Казакстанга жөнөтүлүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
2 сентябрь

Манас районунда өстүрүлгөн болгар калемпири Россия жана Казакстанга жөнөтүлүүдө

Талас облусунун Манас районунда быйылкы түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашкандай, учурда дыйкандар болгар калемпирин жыйноону башташты.

Манас районунда жалпы 18 миң 800 гектар айдоо аянты бар. Анын ичинен быйыл «Ласточка» сортундагы болгар калемпири 1 350 гектар жерге эгилген.

Учурда талааларда түшүм жыйноо иштери жүргүзүлүп, орточо түшүмдүүлүк 200–250 центнерди түзүүдө. Дыйкандар алынган түшүмдү ички рынокко сатуу менен катар экспортко да багыттап жатышат.

Болгар калемпири негизинен Россия жана Казакстанга экспорттолууда. Учурда продукциянын базардагы баасы сапатына жана көлөмүнө жараша орточо 40–45 сомдон сатылууда.

Манас районунда болгар калемпирин өндүрүү акыркы жылдары экспортко багытталган айыл чарба продукциясынын маанилүү түрлөрүнүн бири болуп келе жатат.