Рейд учурунда мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө тыюу салынды
16 апрель

Рейд учурунда мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө тыюу салынды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте «Ак-Жол» контролдук-өткөрмө пунктунун аймагында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө эл керектөөчү товарларды өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту.

Иш-чаралардын жүрүшүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген кичи автобустар текшерүүгө алынды. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү коштомо документтери жок алып келинген самын каражаттары, кондитердик азыктар жана ар түрдүү тамак-аш продукциялары аныкталды.

Аталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Азыркы учурда эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.