Кыргыз фондулук биржасында бир аптада 8,6 млрд сомдон ашык суммага соода жүргүзүлдү
2026-жылдын 2-ноябрынан 6-ноябрына чейин Кыргыз фондулук биржасындагы сооданын жалпы көлөмү 8 млрд 667,32 млн сомду түздү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.
Бир жуманын ичинде 15 бүтүм катталып, сооданын жалпы көлөмү корпоративдик баалуу кагаздарга туура келген.
Алгачкы рынокто жалпы суммасы 8 млрд 666,56 млн сомду түзгөн төрт бүтүм жасалган. Анын негизги бөлүгүн «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому менен «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» жөнөкөй акциялары боюнча операциялар түзүп, көлөмү 8 млрд 665,9 млн сомго жеткен.
Мындан тышкары, алгачкы рынокто «Каинды Кант» ачык акционердик коомунун 660 миң сомдук облигациялары сатылган.
Экинчи рынокто «Кыргызнефтегаз» жана «Кыргызстандын аэропорттору» ачык акционердик коомдорунун акциялары менен 11 бүтүм катталып, алардын жалпы суммасы 770 миң сомду түзгөн.
6-ноябрга карата Кыргыз фондулук биржасынын капиталдаштыруу көлөмү 293,01 млрд сомго, ал эми биржанын индекси 8 408,34 пунктка жеткен.
Учурда биржанын расмий тизмесинде 34 компаниянын баалуу кагаздары бар.
