Шанхайда КРнын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылды
29 июль

Шанхайда КРнын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылды

2026-жылдын 24-июлунда Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн расмий ачылышы жана Кыргыз–Шанхай соода-экономикалык форуму өттү.

Иш-чарага КРнын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти, Кытай боюнча координатор Мээрим Кожокматова катышты.

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Шанхай шаарындагы өкүлү болуп Байыш Айдаралиев дайындалды. Ал Өкүлчүлүктүн ишин координациялап, ишкерлер ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө, инвестициялык долбоорлорду коштоого жана кыргыз продукциясын Кытай рыногуна чыгарууга көмөк көрсөтөт.

Форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, эркин экономикалык аймактар, ошондой эле соода, логистика, өнөр жай, энергетика, IT жана туризм тармактарындагы кызматташтык талкууланды. Ошондой эле B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар өтүп, биргелешкен долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Шанхайдагы Өкүлчүлүктүн ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого, экспортту илгерилетүүгө жана инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.