Өлкөдөгү чакан ишкерчиликтин 66 пайызы Бишкекте 
5 декабрь

Өлкөдөгү чакан ишкерчиликтин 66 пайызы Бишкекте 

2024-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын аймагында 18,1 миң ишкана иштеген, анын  17,2 миңи чакан жана 0,9 миңи орто ишканалар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ошол эле учурда иштеп жаткан чакан ишканалардын дээрлик 66 пайызы ишмердүүлүгүн Бишкек шаарында жүргүзөт.

Бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалымат базасына киргизилген жеке ишкерлердин саны 2024-жылдын 1-октябрына карата 479,2 миңди түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул эле датасына салыштырмалуу 6,2 пайызга көп.

 2024-жылдын январь-сентябрь айларында чакан жана орто ишканаларда иштегендердин саны 106,6 миң адамды түздү. 

Чакан жана орто ишканалардын кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы туруктуу өсүүдө жана 2024-жылдын январь-сентябрь айларында анын көлөмү 25 748 сомду түздү.