Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай кооперациясынын келечегин талкуулашты
29 июль

Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай кооперациясынын келечегин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков «Кыргызстан — Өзбекстан: өнөр жай кооперациясы, инвестициялар жана соода» аттуу Кыргыз-Өзбек бизнес-форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.

Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Катышуучулар биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун, заманбап өндүрүштөрдү түзүүнүн жана өз ара сооданы мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Бакыт Сыдыков кызматташуунун келечектүү багыттарына оор өнөр жай, машина куруу, автомобил куруу, фармацевтика тармактары, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү кирерин белгиледи.

Өндүрүштү жергиликтештирүү, автокомпоненттерди биргелешип чыгаруу, заманбап технологиялар менен алмашуу жана ички рынокко жана экспортко багытталган өндүрүштүк чынжырларды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

2026-жылдын январь–май айларында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы товар жүгүртүү 440,8 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 33,3 пайызга өстү. Импорт 336,5 млн АКШ долларына жетип, 1,7 эсеге көбөйдү. Экспорт 20,3 пайызга кыскарып, 104,3 млн АКШ долларын түздү.

«Биздин жалпы максатыбыз — салттуу соодадан терең өнөр жай кооперациясына өтүү, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана аймактык жана дүйнөлүк рыноктордо атаандаша ала турган заманбап өндүрүштөрдү түзүү», — деп белгиледи министр.

Кыргыз Республикасы инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүүнү, индустриалдык парктарды, эркин экономикалык аймактарды жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү улантып, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган иштерди улантат.