Кыргызстан CAF Almaty көргөзмөсүнө тигүү ишканаларынын катышуусун талкуулады
29 июль

Кыргызстан CAF Almaty көргөзмөсүнө тигүү ишканаларынын катышуусун талкуулады

«Кыргыз Экспорт» борбору жана Текстиль өнүктүрүү борбору кыргызстандык тигүү ишканаларынын CAF Алматы 2026 эл аралык мода көргөзмөсүнө катышуусун талкуулады.

28-июлда көргөзмөнү уюштуруучу CATEXPO компаниясынын башкы директору Метин Арслан менен жумушчу жолугушуу өттү.

Тараптар ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн катышуу форматын жана шарттарын, кыргыз продукциясын эл аралык аянтчада жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле чет элдик байерлер жана өнөктөштөр менен жаңы байланыштарды түзүү маселелерин карашты.

CAF Алматы 2026 көргөзмөсү 27-29-июль күндөрү Алматы шаарындагы «Атакент» эл аралык көргөзмө борборунда өтүүдө.

Иш-чара КМШ өлкөлөрүнөн келген өндүрүүчүлөрдү, жеткирүүчүлөрдү жана сатып алуучуларды бириктирет. Көргөзмөгө катышуу кыргызстандык ишканаларга экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана продукциясын чет элдик өнөктөштөргө таанытууга шарт түзөт деп күтүлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандан келген өндүрүүчүлөрдүн CAF Алматы көргөзмөсүнө катышуусу боюнча мындан аркы кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.