Кыргызстан менен Корея экономикалык кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты
12 март

Кыргызстан менен Корея экономикалык кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты

2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ким Квангджэ менен жолугушуусу болуп өттү. 

Министр Бакыт Сыдыков Корея Республикасы Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин, ал менен баардык багыттар боюнча тыгыз кызматташтык түзүлгөнүн белгиледи. Министр Корея Республикасынын экономиканын бардык тармактарына жаңы технологияларды киргизүү боюнча алдыңкы тажрыйбасы жана практикалык көндүмдөрү эки тараптуу кызматташтыктын келечегин аныктоого мүмкүндүк берерин жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө динамика берерин белгиледи. 

Элчи Ким Квангджэ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан экономикалык өнүгүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, "жашыл" экономикага өтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды оң баалады. 

Тараптар соода жүгүртүүнү диверсификациялоо, кызматташтыктын учурдагы механизмдерин илгерилетүү, ошондой эле кыргыз-корей экономикалык кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо боюнча жаңы демилгелерди талкуулашты.