162 млн. сомдон ашык мамлекеттик мүлктү жеке менчикке сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталды
18 март

162 млн. сомдон ашык мамлекеттик мүлктү жеке менчикке сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

Талас областынын прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бакай-Ата райондук соттук аткаруучулар кызматынын, «Талас балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары баасы 162 млн 106 миң 520 сомдук 104,5 гектар жер тилкеси менен административдик имаратты жеке менчикке болгону 2 млн 380 миң 729 сомго сатууга аракет кылышкандыктары аныкталган.

Бирок, прокуратура органдары тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схемага өз учурунда бөгөт коюлду.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.