Жыл башынан бери кайра иштетүү өнөр жайында өсүү: 3 ишкана жана 1 соода-логистикалык борбор ачылды
Өлкөдө кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү багытында системалуу иштер жүргүзүлүп, тармакта туруктуу өсүү динамикасы байкалууда. Отчеттук мезгилде республикадагы кайра иштетүүчү өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш өнөр жайынын, анын ичинде суусундуктарды жана тамеки буюмдарын өндүргөн ишканалардын үлүшү 18,8 % түздү.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2026-жылдын январь айында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары тарабынан 8 091,6 млн сом суммасында тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамеки буюмдары өндүрүлгөн. Физикалык көлөмдүн индекси 113,6 % түзүп, тармакта оң динамика байкалганын көрсөтүүдө.
Кайра иштетүү өнөр жайын мындан ары өнүктүрүү максатында министрлик тарабынан 2026-жылга карата план иштелип чыгып, анын алкагында 75 кайра иштетүүчү ишкананы жана соода-логистикалык борборлорду ачуу каралган.
Бүгүнкү күндө өлкө аймагында 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 соода-логистикалык борбор ишке берилди:
- Нарын облусу, Нарын району, Жан-Булак айылы – жеке ишкер Амантуров Кубатбек ундан жарым фабрикаттарды өндүрүүчү цех ачты.
- Нарын облусу, Нарын району, Эмгек-Талаа айылы – жеке ишкер Мусабекова Айжамал айына 4 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачты.
- Ысык-Көл облусу, Тоң району – «Эрдик» ААК аралаш тоют өндүрүүчү ишкана ачты.
Мындан тышкары, Манас шаарында жаңы соода-логистикалык борбор каттоодон өттү:
- «Золотой Орех» ЖЧК – кубаттуулугу 500 тонна, мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо үчүн каралган.
Министрлик тарабынан өлкөнүн аймактарында кайра иштетүүчү ишканаларды жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер 2026-жылга каралган планга ылайык улантылат.
