КР СӨП жана БУУӨП 2025-жылга карата биргелешкен иштердин планын талкуулады
Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Толкунай Таалайбекова Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тараптар 2025-жылга карата биргелешкен иштердин пландарын талкуулап, экономиканы жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти. А
ялдардын ишкердигин колдоо, санариптештирүү жана ишкерлерди окутуу боюнча келечектүү долбоорлор сунушталды. Айрыкча маркетплейстер менен иштөө жана бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу программасына өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун катышуучулары кызматташууну мындан ары бекемдөөгө даярдыгын билдирип, туруктуу өнүгүү жаатында маанилүү натыйжаларга жетишүүгө ишеним көрсөтүштү.
Маалымат үчүн: БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) ар кайсы тармактарда ишкердикти, санариптик технологияларды жана социалдык демилгелерди колдоо боюнча активдүү долбоорлорду ишке ашырат.
