Мал чарба продукциясын экспорттоочулардын тизмесинде 100гө жакын ишкана бар
4 декабрь

Мал чарба продукциясын экспорттоочулардын тизмесинде 100гө жакын ишкана бар

 Мал чарба азыктарын экспорттоону көбөйтүү максатында, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат тарабынан өз продукциясын үчүнчү өлкөлөргө жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагына жеткирүүгө укугу бар жана кыргыз экспорттоочуларынын тизмесин кеңейтүү боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Ветеринардык кызмат 2024-жылдын 11 айында аткарылган иштин жыйынтыгын эске алып, жаңы базарларды ачууда кезектеги кадам жасалды.

Кытай Эл Республикасы боюнча – КЭРдин Башкы бажы башкармалыгы тарабынан импорттоочулардын Реестрине мал чарба азыктарын Кытайга жеткирүү укугун алган үч кыргыз ишканасы кошулду. Бүгүнкү күндө мал чарба азыктарын өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү 29 кыргыз компаниясы Кытайга экспорттоо үчүн аттестациядан өттү. Анын ичинде: сүт азыктарын өндүрүү боюнча – 13 ишкана, бал өндүрүү боюнча – 11 ишкана, азык-түлүк эмес мал чарба азыктары боюнча – 4 компания, аквакультура боюнча – 1 ишкана.

Россия Федерация боюнча – 6 сүт ишканасын сертификациялоо иштери кайрадан башталды. Бүгүнкү күндө 10 сүт жана 10 балык ишканалары өз продукциясын Россияга экспорттой алат.  

Өзбекстан боюнча – Өзбекстан Республикасынын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү комитети тарабынан Өзбекстанга мал чарба азыктарын жеткирүү укугун алган, жана ошондой эле 8 кыргыз ишканасы импорттоочулардын Реестрине кошулду. 

Бүгүнкү күндө Өзбекстанга экспорттоо үчүн мал чарба азыктарын өндүргөн жана кайра иштеткен 47 кыргыз ишканасы аттестациядан өттү. Анын ичинде: сүт азыктарын өндүрүү боюнча – 18 ишкана, бал азыктарын өндүрүү боюнча -10 ишкана, эт өндүрүү боюнча – 10 ишкана.