Кыргыз Республикасынын делегациясы БАЭнин эл аралык каржы борборлоруна жумушчу сапар менен барды
1 март

Кыргыз Республикасынын делегациясы БАЭнин эл аралык каржы борборлоруна жумушчу сапар менен барды

Кыргыз Республикасынын «Тамчы» атайын укуктук режими жана статусу бар атайын каржылык инвестициялык аймагы жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баштаган делегация, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары Сайра Ызакованын катышуусунда, 2026-жылдын 25–26-февралында Дубай жана Абу-Даби шаарларына (Бириккен Араб Эмираттары) жумушчу сапар менен барды.

Сапардын алкагында Abu Dhabi Global Market (ADGM) жана Dubai International Financial Centre (DIFC) эл аралык каржы борборлорунун жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлүп, анын жүрүшүндө көз карандысыз жөнгө салуу чөйрөсүн түзүү, адистештирилген каржы сотторунун иштеши жана эл аралык инвестицияларды тартуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри менен Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы соода министри доктор Тани бин Ахмед Аль Зейуди менен жолугушуусу болуп өтүп, анын алкагында Кыргыз Республикасы менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү келечеги каралды.

Иш сапар «Тамчы» атайын каржылык инвестициялык аймагын андан ары институционалдык өнүктүрүү үчүн алдыңкы эл аралык тажрыйбаны изилдөөгө багытталган.