142 миңден ашык аял бизнес үчүн кредит алышты
2024-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда экономика субъекттерди кредиттөө 21 коммерциялык банк жана 581 банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар тарабынан ишке ашырылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Ушул жылдын башынан бери алар 2,7 млн. кредит берген, анын ичинен дээрлик 294 миңи же 11%га жакыны бизнес максаттар үчүн жеке адамдарга берилген кредиттердин үлүшүнө туура келген.
Мындай кредиттерди 142 миңден ашык аялдар алган, бул жеке адамдарга берилген кредиттердин жалпы көлөмүнүн 48%ын түзөт. Ошол эле учурда банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарда ишкердик үчүн жеке аялдарга берилген кредиттердин үлүшү 55%ды, ал эми коммерциялык банктарда 40%ды түзгөн.
Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата жеке адамдарга бизнес максаттар үчүн берилген кредиттердин жалпы көлөмү 74 миллиард сомго жакын болду, анын көлөмүнүн дээрлик 37 пайызы же 27 миллиард сому аялдардын үлүшүнө туура келди. Ошол эле учурда ишкер аялдарга 18 миллиард сомдон ашык кредит коммерциялык банктар тарабынан, ал эми 9 миллиард сому банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар тарабынан берилген.
