Араван лимону брендге айланды: «30+20+10» долбоору өз жемишин бере башталды
10 декабрь

Араван лимону брендге айланды: «30+20+10» долбоору өз жемишин бере башталды

Ош облусунун Араван районунда кайра иштетүү тармагы тездик менен өнүгүп, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев демилгелеген «30+20+10» долбоорунун ийгиликтүү үлгүсүнө айланды. «+10» багыты кайра иштетүү секторун камтып, анда лимон жана татым боткосун чыгаруучу ишкана толук цикл менен иштеп, мөмөнүн ширесин гана эмес, анын кабыгын да атайын жабдуу аркылуу варенье өндүрүүгө пайдаланууда. Бул ыкма райондогу дыйкандарга кеңири жайылып, кайра иштетүүчү чакан ишканалардын ачылышына шарт түзүүдө.

Райондо атайын кеңеш берүү борбору түзүлүп, тропикалык өсүмдүктөрдү өстүргөн дыйкандарга практикалык колдоо көрсөтүлүүдө. Алардын бири – 5 сотых күнөсканасында 30 түп лимон, 5 түп мандарин, банан жана папайя өстүргөн Миркамил Касымов. Анын лимондору 8 жылдан бери түшүм берип, жыл сайын көбөйүүдө. Касымовдун айтымында, лимон дарагы 100 жылга чейин жемиш берип, көп каражат жана күч талап кылбаган кирешелүү багбанчылыкка айланган.

Дыйкандын күнөсканасында температура 10–15 градустан төмөн түшпөшү үчүн жылытуу системасы орнотулган. Жайында дарактарды ысык жана кургакчылыктан коргоо максатында күнөскана толук ачылбай, тор менен жабылат. Бир дарактан жылына 100 кгга чейин жемиш алынат. Лимондун килограммы чарбада 250 сом, базарда 300–350 сом турат. Бир килограмм лимондон 370 грамм сапаттуу шире чыгат.

Миркамил Касымов «Бир айыл – бир продукт» долбоору аркылуу жыл сайын 2–3 миң банка сок чыгарып, быйыл дагы жаңы партияны өндүрө баштады. Андан тышкары, үч түрдүү кайра иштетилген продукция чыгарылууда. Жакын арада «лимон бал менен» аттуу жаңы продукт сунушталып, 10 кыз-келин жумушка алынышы» пландалууда – бул жергиликтүү экономикага кошумча дем берет.