2024-жылы берилген микрокредиттердин 54% жакыны керектөө муктаждыктарына багытталды
30 март

2024-жылы берилген микрокредиттердин 54% жакыны керектөө муктаждыктарына багытталды

2024-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан берилген кредиттердин суммасы 65 млрд. сомду түздү, мында алуучулардын саны бир миллион адамдан ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, микрокредиттерди алган калктын саны 2023-жылга салыштырганда 1,5 эсеге, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 28,4%га көбөйгөн.

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 24%ы), Ош облусунун (16%га жакын), Чүй (15%) жана Жалал-Абад облустарынын (15%га жакын) алуучуларына берилген. Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны ушул эле аймактарга туура келди.

2024-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 54%га жакыны керектөө муктаждыктарына, 19%ы айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды. Соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө берилген микрокредиттердин үлүшү - 12%га жакын,  курулушка - 5%га жакынды түздү.