Койчуманов: “Камбар-Ата-1” ГЭСи ишке кирсе Кыргызстан Афганистан менен Пакистанга электр энергиясын сата баштайт
Экономика илимдеринин кандидаты Максат Койчуманов дээрлик 40 жыл мурда курулушу башталып, бирок 1991-жылы каржылоосу токтоп калган, 2022-жылдан бери гана активдүү улантылып жаткан “Камбар-Ата-1” ГЭСи ишке кирсе Кыргызстандын экономикасында дагы бир секирик болоорун белгиледи.
“Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө ири долбоорлор ишке ашырылып жатканы да салымын кошууда. Мисалы, “Камбар-Ата-1” ГЭСи. 2022-жылы учурдагы президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен улуттук долбоор деген макам берилип, курулушу жанданган. 2024-жылдын июнь айында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын премьер-министрлеринин катышуусунда бул долбоорду биргелешип аткаруу чечими кабыл алынган. Бул долбоорду кардылоо максатындагы донордук комитет бар жана ага: Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банктары кирет. Анткени бул чындап эле зор долбоор”, – деди ал.
Айтымында, ГЭСтин платинасынын туурасы 260 метр, узундугу 704 метр болот. Бардык техникалык шарттарга жана сейсмологияга эсептелип курулууда. 2028-жылы биринчи гидроагрегаты ишке берилет. ГЭС толук бүткөндөн кийин жылына 5,9 млрд киловатт электр энергиясы өндүрүлөт.
“Мындан улам Кыргызстан жыл сайын май айынан сентябрга чейин Афганистан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттой алат”, – деди Койчуманов.
