Эксперт Кыргызстандын экономикасынын тездик менен өсүшүнө өбөлгө болгон эки негизги факторду атады
13 январь

Эксперт Кыргызстандын экономикасынын тездик менен өсүшүнө өбөлгө болгон эки негизги факторду атады

Кыргызстан экономикалык көрсөткүчү тездик менен өсүп жаткан өлкөлөрдүн үчилтигине кирди. Буга кандай факторлор өбөлгө болгонун экономикалык эксперт Калыгул Салиев чечмеледи.

Айтымында, мында эки себеп бар – ички жана тышкы.

Тышкы себептер – булар Кыргызстандын геоэкономикалык жана геосаясий жактан жайгашуусу.

“Кылымдардан бери өлкөбүз Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу ишке кирсе чөлкөм логистикалык хабга айланаары айтылып жатат. Кытай менен Европаны байланыштырган жолдо биз турабыз. Бул да чоң пайда. Мындан улам бажы төлөмдөрүнүн өскөнүн белгилеп кетсек болот”, – деди серепчи.

Ошондой эле, ал белгилегендей, Украинага байланышкан окуядан улам эл аралык экономикада бир катар эрежелер өзгөрүүгө дуушар болгон. Ошол эле маалда Кыргызстан ЕАЭБдин мүчө-өлкөлөрү менен чогуу Бажы биримдигинде турганы да оң таасирин тийгизүүдө.

“Бул Кыргызстанга ыңгайлуу шарттарды түздү, банк тутуму аркылуу акча которууларынын өсүшү ал аркылуу болгону жашыруун эмес”, – деди.

Андан сырткары серепчинин айтымында, салык системасынын туура жолго коюлушу өлкө экономикасынын тездик менен өсүшүнө салымын кошту.

“Акыркы беш жылда салык системасы чоң реформаны жүргүздү. Жаңы Салык кодекси кабыл алынды. Салык саясатын жүргүзүүдө жана администрлөөдө санариптештирүү маселеси ишке ашты: электрондук эсеп-фактура, ККМ ж.б. Булардын баары көмүскөдө жашыруун иштеп келген ишкерчиликти ачыкка чыгарды. Башкача айтканда мындан 5-6 жыл мурда ишкердиктин 70 пайызы көмүскөдө болсо, азыр алар ачык иштөөгө өтүштү. Коррупцияга каршы күрөш, кылмыштуу топтор менен болгон күрөш ишкерлердин коркпой эркин иштөөсүнө, инвесторлордун Кыргызстандан качып кетпөөсүнө шарт түздү”, – деди Салиев.