Жети-Өгүздүн тургуну 30 тоннага чейин сөөлжанды өндүрүүгө умтулат
27 август

Жети-Өгүздүн тургуну 30 тоннага чейин сөөлжанды өндүрүүгө умтулат

Жети-Өгуз районунун тургуну Муратбек Асылбеков акыркы 3 жылдан бери жердин асылдуулугун арттыруу максатында сөөлжан өстүрүп келет. 2024-жылы ал болжол менен 10 тонна сөөлжан өндүргөн, ал эми 2025-жылы 20–30 тоннага жеткирүү максатында көздөөдө. Бул органикалык жер семирткич республиканыкы бардык аймактарына сатылат.

Бүгүнкү күндөгү базар баасы килограммына 15–20 сомго барабар. Малина өстүрүүдө ишкер сөөлжан жана органикалык дарыларды колдонуп, сапаттуу жана таза продукция алууга умтулат.

Сөөлжан айыл чарбасына пайдалуу зат: жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатат, топуракты органикалык заттар менен байытат, өсүмдүктөрдү оорулардан коргойт жана химиялык жер семирткичтерге болгон көз карандылыкты азайтат.

“Келечектеги максаты – сөөлжанды көбөйтүп, элге жайылтуу жана органикалык продуктуларды кеңири колдонууга шарт түзүү”, – дейт Муратбек Асылбеков.