Ош шаарында заманбап мейманкана ачылды
Ош мэриясы
17 июль

Ош шаарында заманбап мейманкана ачылды

Ош шаарында заманбап "Rayan" мейманканасы расмий түрдө өз эшигин ачты.

Мэриядан кабарлашкандай, 8 кабаттан турган жаңы мейманкана бардык стандарттарга жооп берет. Мында коноктор үчүн бардык шарттар түзүлүп, ыңгайлуу бөлмөлөр, конференц-зал, ресторан жана эс алуу зоналары каралган.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, мейманкананын жамаатын куттуктады.

Өз сөзүндө мэр белгилегендей, акыркы жылдары шаарга келген инвесторлордун саны кайрадан көбөйүп, абал өзгөрүүдө.

"Биз инвесторлорду тартуу жана туризмди өнүктүрүү багытында системалуу багыт менен иштеп жатабыз. "Rayan" мейманканасынын ачылышы мунун ачык мисалы. Ош шаары ири инвестициялык долбоорлор үчүн ыңгайлуу жана коопсуз аймак экенин көрсөтүп жатабыз", - деди Жанарбек Акаев.

Жаңы мейманкананын ачылышы менен шаарда жумуш орундары көбөйүп, кызмат көрсөтүү тармагы дагы бир баскычка көтөрүлөт. Бул Ошто туризмдин өнүгүшүнө жана шаардын инвестициялык имиджинин жакшырышына чоң түрткү болот