Кыргызстан Италиянын жеңил өнөр жай тармагында алдыңкы тажрыйбасын алууга кызыкдар
25 сентябрь

Кыргызстан Италиянын жеңил өнөр жай тармагында алдыңкы тажрыйбасын алууга кызыкдар

Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында министрдин орун басары Искендер Асылкулов улуттук жана эл аралык деңгээлде италиялык текстиль жана тигүү секторунун, текстиль жабдууларын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын кызыкчылыктарын коргогон жана алга жылдырган Confindustria Moda, Sistema Moda Italia Федерациясынын курамындагы италиялык делегациянын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары И.Асылкулов өлкөнүн жеңил өнөр жайынын потенциалын, тармактын иштеши үчүн шарттарды жана инвесторлор үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жана артыкчылыктарды тааныштырды.

Ошондой эле Италияда текстиль өндүрүшү өлкөнүн негизги тармактарынын бири жана Италия дүйнөлүк кийим экспорттоочу жана дизайн боюнча флагман болуп саналат. Кыргызстан жеңил өнөр жай чөйрөсүндө жаңы технологияларды жана дизайнды, маркетингди киргизүү, бренддерди тартуу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жана практикалык көндүмдөрдү алууга кызыгууда, анын ичинде кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды.

Жыйынтыгында биздин өлкөлөр жеңил өнөр жай тармагында кызматташтыкты кеңейтүү үчүн чоң потенциалга ээ экендиги жана мындай жолугушуулар өз ара аракеттешүүнү жөнгө салууга жана өнүктүрүүгө жаңы дем берери белгиленди.

Визиттин алкагында италиялык делегация Кыргыз Республикасынын потенциалы менен таанышып, текстиль жана тигүү ишканаларынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.