ЕАЭБде карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жакшыртуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилди
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө Токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлайт.
Кабыл алынган өзгөртүүлөр рыноктун ак ниет катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жол-жоболорунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Айрыкча, фитосанитардык сертификаттарда карантиндик продукцияны алуучуларды туура эмес көрсөтүү фактыларын алдын алууга багытталган чаралар каралган. Бул бирликтин аймагында продукциянын кыймылын так көзөмөлдөөгө жана мыйзам бузууларды кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, өзгөртүүлөр ЕАЭБдин бүткүл аймагында карантиндик фитосанитардык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга жана көзөмөлдүн натыйжалуулугун күчөтүүгө багытталган. Бул чаралар айыл чарба өндүрүшүн коргоого, карантиндик объекттердин жайылышын алдын алууга жана жалпы рыноктун туруктуулугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Кабыл алынган чечим Евразия экономикалык бирлигинин алкагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл тутумун өркүндөтүүдө жана интеграциялык процесстерди тереңдетүүдө маанилүү кадам болуп саналат.
